Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:20

Польшада аткаминер "Орусиянын тыңчысы" деген шек менен кармалды


Варшава, Польша.
Варшава, Польша.

Польшада "Орусиянын пайдасына тыңчылык кылып жүрөт" деген шектен улам өкмөттө иштеген аткаминер кармалды.

Атайын кызматтар министрлигинин өкүлү Станислав Жарин мамлекеттик "TVP Info" каналына билдиргендей, Марек В. аттуу жаран "Северный поток -2" курулушун токтотуп коюу максатында Польша даярдаган жашыруун документтерди Орусияга маалымдаган деп айыпталууда. Ал 23-мартта кармалып, сот аны үч ай камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Польша Орусиянын газын деңиз аркылуу Германияга жеткирип берүүчү "Северный поток-2" түтүгүн курууга каршы. Бул долбоор Батыш Европага Украина менен Польшаны кыйгап өтүп газ жеткирүүгө багытталган.

Польшанын расмий адамдары курулуш Борбордук жана Чыгыш Европада "Газпромдун" таасирин күчөтүп, атаандаштыкка сокку урарын белгилешет. Ошондой эле ал Европанын Орусиянын газына көз карандылыгын күчөтөт деген божомол бар.

XS
SM
MD
LG