Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 20:48

Жалал-Абаддын Аксы районунда Өзбекстан аркылуу өткөн электр чубалгылары чек арадан көчүрүлүүдө.

Районду электр энергиясы менен камсыз кылган “Караван-Анашев” аба чубалгылары Кыргызстандын аймагына өткөрүлүп жатканын “Жалалабадэлектр” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Андан алынган маалыматка караганда,"Жалалабадэлектр" ишканасы жарыкты Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Хазретила айылы аркылуу Аксыга жеткирчү. 35 кВ аба чубалгыларынын Өзбекстандан өткөн аймагы 3 чакырым.

Учурда райондун Кош-Дөбө айылында беш чакырым жерге 16 даана анкердик темир мамычалар, 26 даана СК-22 үлгүсүндөгү электр мамычалар коюлуп, чубалгы тартылууда. Курулуштун 40% аяктады. Кийинки айдан тартып ал ишке берилет. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG