Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Футбол: Бишкекте бүгүн Кыргызстан менен Индия беттешет


Кыргыз футболунун күйөрмандары. Архивдик сүрөт.
Кыргыз футболунун күйөрмандары. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 27-мартта Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешет. Мелдеш кечки саат сегизде башталат. Аны "КТРК-Спорт" каналы түз көрсөтөт.

Бул оюн - 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-айлампасынын акыркы беттештеринин бири. Билеттер 22-марттан баштап 250-500 сомдон сатылууда.

Эки команда былтыр 13-июнда Индияда беттешип, Кыргызстан 1:0 эсебинде утулган.

Кыргызстандын курама командасы 22-мартта Мьянманын футболчуларын 5:1 эсебинде утуп, Азия чемпионатына алгач ирет жолдомо алган.

Азия кубогунун 3-айлампасындагы тандоо оюндарында Кыргызстан “А” тобунда Индия, Мьянма жана Макао менен ойноп жатат. Беш оюндан кийин Индиянын командасы 12 упай топтоп 1-орунда келүүдө. Кыргызстанда 10, Мьянмада 5 упай бар. Макаодо упай жок.

Бүгүн Мьянма да өз жеринде Макао командасын кабыл алат.

Тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген командалар финалга жолдомо алышат.

2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин төрт шаарында өтөт. Ага 24 команда катышат. (ECh)

XS
SM
MD
LG