Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:01

Аба ырайы: 28-мартта жаан-чачын болот


Алча гүлү. Ноокен району.
Алча гүлү. Ноокен району.

Синоптиктер шашылыш эскертүү берип, 29-мартка чейин Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүлөрүн билдиришти. Өлкө аймагында жамгыр жаап, Чүй жана Талас облустарынын тоо этектерине, тоолуу райондорго кар жаайт. Айрым жерлерде нөшөр болот. Тоолуу жолдордо муз тоңот.

Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдоруна кар көчкү түшүшү мүмкүн.

28-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорго кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Тоолуу унаа жолдоруна муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,

Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...+4, күндүз 7...12,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…7, күндүз 13…15 градуска чейин жогорулайт.

XS
SM
MD
LG