Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Музейлерден уурдалган буюмдар боюнча кылмыш иши убактылуу токтотулду


Улуттук тарых музейинин имараты.
Улуттук тарых музейинин имараты.

Кыргызстанда музейлердеги экспонаттардын кем чыгышы боюнча козголгон кылмыш иши айыпкер табылбай жатканына байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөнбиев бүгүн тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча парламенттик талкууда билдирди:

- Улуттук тарых музейинин, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жана Фрунзе атындагы үй-музейдин экспонаттарынын жетишпестиги боюнча укук коргоо кызматкерлери өз учурунда үч кылмыш ишин козгошкон. Азыр бул кылмыш иштери ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында тергелип жатат. Азыр бул иштер боюнча айыпкер катары жоопко тарта турган адамдар аныкталбагандыктан өндүрүштөн убактылуу токтотулган. Бул боюнча азыр тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин 1990-жылдан бери Мамлекеттик тарых музейинде 503 экспонат, М.В. Фрунзе атындагы мамлекеттик мемориалдык үй-музейде 104 экспонат, Улуттук көркөм сүрөт музейинде жүздөн ашык сүрөт жоголгону расмий кабарланган. (ZA)

XS
SM
MD
LG