Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Базар-Коргондо эки окуучуну унаа сүзүп, бири каза болду


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда эки окуучуну унаа сүзүп, бири каза болду. Расмий маалыматка караганда, 26-март күнү 22 жаштагы айдоочу ВАЗ 2107 автоунаасынын рулун башкара албай, жол четинде бараткан эки окуучу кызды койдуруп кеткен. Окуя Бай-Мундуз айылында болгон.

Облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү билдиргендей, бири ооруканага жетпей каза тапкан. Экинчиси оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Окуяны тергөө тобу териштирүүдө.

Набыт болгон кыз да, жабыркаган кыз да №22 Камал Тагаев атындагы мектепте 7-класста окушкан. Айдоочу - жергиликтүү тургун. (RsK)

XS
SM
MD
LG