Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Бюджеттен бөлүнчү 10 млн. сом Чолпон-Атадагы ат майданга сарпталбайт


Чолпон-Атадагы ипподромдун курулуш иштери. 2016-жыл.
Чолпон-Атадагы ипподромдун курулуш иштери. 2016-жыл.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көрүү үчүн бюджеттен 10 млн. сом бөлүнөт. Каражат Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоого сарпталбай турганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

26-мартта таратылган кабарда акча ат майданды түзөтүүгө коротулары айтылып, коомчулуктун сынына кабылган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тактоо иретинде бүгүн кошумча маалымат таратты.

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 10 миллион сомду бөлүү боюнча өкмөттүн сунушун 26-мартта талкуулап, колдогон.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл сентябрда Ысык-Көлдө болот. (SE)

XS
SM
MD
LG