Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 15:16

Кемерово: Губернатордун орун басары элден тизелеп кечирим сурады


Кемерово шаарынын губернаторунну орун басары Сергей Цивилев аянттагы митингге келди, 27.03. 2018

Кемерово облусунун губернатору Аман Тулеев 64 адам каза тапкан соода борборундагы өрт үчүн президент Владимир Путинден кечирим сурады. «Биздин аймакта болгону үчүн жеке сизден кечирим сурайм» деди Тулеев Кемерево шаарындагы президент катышкан жыйында.

Кемероводо шейшембиде эртең менен алдын ала пландалбаган митинг башталып, ага миңдеген шаардыктар чыгышты. Чогулгандар соода борборундагы өрттөн канча киши өлгөнүн так айтууну бийликтен талап кылышты.

Кемероводогу митинг: элге чындыкты айткыла
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:45 0:00

Тулеев шаардыктардын митинги тууралуу Путинге маалымат берип жатып, «оппозициялык күчтөр дароо пайда болуп, үймө үй кыдырып, жакын жайгашкан ишканаларга, турак-жай секторуна барып жатышат. Бүгүн ал жерде 200дөй киши чогулду. Алар өлгөндөрдүн туургандары деле эмес. Биз алар менен иштешип жатабыз» - деген Тулеевдин сөзүн Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Шаардагы митингге губернатор барган жок. Анын орун басары Сергей Цивилев курман болгондордун жакындарынан тизелеп кечирим суроого мажбур болду.

«Силер трагедиядан өзүңөргө ат жасап жатасыңар» деген аткаминердин сөзүнө жергиликтүү тургун Игорь Востриков өрттө анын үч жаш баласы, аялы, карындашы өлгөнүн айтып жооп кайтарды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG