Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Бүгүн Орусияда улуттук аза күтүү күнү


Өрттө өлгөндөрдү эскерүү, Кемерово.
Өрттө өлгөндөрдү эскерүү, Кемерово.

Орусияда 28-март Кемерово алааматында набыт болгондорду эскериш үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. Бүгүн трагедиянын айрым курмандыктарынын сөөгү жерге берилет.

25-мартта шаардагы "Кышкы алча" же "Зимняя вишня" деп аталган оюн- зоок соода борборунда чыккан өрттөн 64 киши набыт болгон, басымдуу бөлүгү балдар.

27-мартта Орусиянын ондогон шаарларында жашагандар бул трагедияда мерт болгондор үчүн аза күтүштү. Адамдар өздөрү тургузган мемориалдарга шам жагып, гүлдөр менен оюнчуктарды алып келип жатышты.

Кемеровонун өзүндө уруксат берилбеген митинг болду. Катышуучулар кырсыктын күнөөкөрлөрүн жазалоону жана өрттө өлгөндөрдүн так санын жашырбай, ачык айтууну талап кылышты. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, дайынсыз жоголгондордун тизмесине 85 киши жазылган.

Кемерового 27-мартта орус президенти Владимир Путин барып, мемориалга гүл коюп, облус жетекчилиги менен жыйын өткөрдү. Бирок президент да, облус губернатору да митингдеги элдин алдына чыккан жок.

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө адамдар Кемероводо мерт болгондор үчүн гүл жана оюнчуктарды Орусиянын элчилигине алып келип жатышты.

XS
SM
MD
LG