Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Орус-тажик авиация жаңжалы токтой элек


"Урал авиалиниялары" компаниясынын учагы.
"Урал авиалиниялары" компаниясынын учагы.

"Урал авиалиниялары" компаниясы Тажикстандын авиация жетекчилигин "рынокту жалгыз ээлеп алууга аракет кылууда" деп айыптады. Бул тууралуу компания тараткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматка караганда, 24-марттан 25-мартка караган түнү, кышкы жадыбалдан жайкы жадыбалга өтүү маалында Тажикстандын авиация жетекчилиги эскертүү бербестен орус компаниялары жүргүзгөн каттамдардын санын 30% кыскарткан.

Авиакомпания жай мезгилиндеги учуу тууралуу бардык талаптарды аткаруу менен 50 күн мурда билдирүү жөнөткөнүн ырастоодо. Ага карабай, тажик тарап каттамдарды аткарууга уруксат берген эмес.

"Бул рынокко монополия орнотуш үчүн орус авиакомпанияларын кысымга алган системалуу аракет деген таасир калтырууда" деп айтылат билдирүүдө.

Орусиялык "Урал авиалиниялары" авиакомпаниясынын 300дөн ашуун жүргүнчүсү 26-мартта Екатеринбургдагы Кольцово аэропортунан Тажикстанга учуп кете алган эмес. Екатеринбург-Худжанд жана Екатеринбург-Дүйшөмбү каттамына билет алган жүргүнчүлөр аэропортто 13 саат отурушкан. Авиакомпания тажик тарап бул учууларга уруксат бербегенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG