Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Интернетте спирт ичимдиктерин жарнамалоого тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Интернет аркылуу спирт ичимдиктерин жарнамалоого тыюу салынды. "Жарнама жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, 28-мартта мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган мыйзам технологиянын өнүгүүсүнө байланыштуу жарнама чөйрөсүндөгү эрежелерди өркүндөтүү жана калкты ичкиликтен алыстатуу максатын көздөйт.

Мыйзамдын 2-беренесине “мониторинг” түшүнүгү менен киргизилген. Ага ылайык, мамлекеттик көзөмөл боюнча монополияга каршы орган мыйзамдын аткарылышына байкоо жүргүзөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG