Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Аба ырайы: 29-мартта жаан-чачын болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Синоптиктер шашылыш эскертүү берип, 29-мартка чейин Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөөрүн билдиришти. Өлкө аймагында жамгыр жаап, Чүй жана Талас облустарынын тоо этектерине, тоолуу райондорго кар жаайт. Айрым жерлерде нөшөр болот. Тоолуу жолдордо муз тоңот.

Марттын этегине чейин Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдоруна кар көчкү түшүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

29-мартта көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Тоолуу жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18,

Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 8...13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз -4...+1°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 15…17 градуска чейин жогорулайт.

XS
SM
MD
LG