Дагестанда «Мемориал» укук коргоо уюмунун кеңсе башчысы Сиражудин Дациев катуу сабалды. Бул тууралуу "Жаңжалдардын алдын алуу жана талдоо" борборунун башчысы Екатерина Сокирянская билдирди.
Сабалган укук коргоочу оорукананын нейхрохирургия бөлүмүндө жатканын Сокирянская "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Дациевди эртең менен үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр артынан келип башка чаап, ал кулап калгандан кийин аёсуз тепкилешкен. Андан кийин машинеге отуруп качып кетишкен.
"Мемориалдын» Грозныйдагы кеңсесинин башчысы Оюб Титиев январда кармалгандан кийин Түндүк Кавказда укук коргоочуларды коркутуу күчөгөн. 17-январда белгисиз бирөөлөр "Мемроиал» уюмунун Назрандагы кеңсесин өрттөп кеткен.
22-январда Махачкалада укук коргоочу уюмдун жергиликтүү кеңсе башчысынын машинеси өрттөлгөн.