Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Израил депутаты Кыргызстан менен визасыз катташууну сунуш кылды


Израил байрагы.
Израил байрагы.

Эки тараптуу мамилени өнүктүрүш үчүн Кыргызстан Израилден келчү туристтерге визаны жоюшу керек. Мындай сунушту Израил парламентинин депутаты Акрам Хассон кыргызстандык кызматташтары менен жолугушкан учурда билдирди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, Хассон мурдагы Советтер Союзуна кирген дээрлик бардык мамлекеттер менен Израилдин ортосунда визасыз режим бар экенин билдирген. Ал Кыргызстан менен Израил демократиялык жагынан окшош экенин да кошумчалаган.

Бишкекке иш сапары менен келген Акрам Хассон Кыргызстанда Израил элчилигин ачуу маселесин да көтөрдү.

Эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык алака 1992-жылдын 4-мартында башталган. Катташуу виза режиминде ишке ашат.

XS
SM
MD
LG