Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:38

Былтыр кендеги кырсыктардан 24 киши каза болгон


Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик экотехинспекциянын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, өткөн 2017-жылы өндүрүш маалында 26 кырсык катталып, жалпысынан 40 адам жабыркаган. Алардын 24ү каза болуп, 16сы оор жараат алган. Аталган мекеменин Өнөр-жай коопсуздугу жана тоо-кен тармагын көзөмөлдөө башкармалыгынын текшерүүлөрүнөн кийин 78 объектинин иши токтотулган. Жалпысынан миңден ашуун текшерүү жүргүзүлүп, 5 миңден ашуун мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Натыйжада 2 млн. 300 миң сомдон ашуун айыппул салынган. Тиешелүү документтер тартип коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Быйыл жыл башында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы шахтада 26 жаштагы бир тургунду таш басып каза болгон.

Баткен облусунда мурда иштетилип, бирок токтоп турган шахталарда жарандардын өз алдынча жер алдында түшүп, көмүр казган учурлары кездешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG