Британияда мурдагы орус тыңчысынын ууландырылышын АКШнын коргоо министри Жим Мэттис Кремлдин "Батышты бөлүп-жаруу стратегиясынын бир бөлүгү" деп атады. Пентагондун башчысы мындай билдирүүнү 27-мартта Вашингтондо жасады.
Мэттис Скрипал менен кызы Юлия экөөнү "өлтүрүү аракетине" жоопкерчилик алуудан Москва баш тартканына көз жуумп койгонго болбой тургандыгын айтты. Ал Солсберидеги окуяда "кыргын салуучу курал" колдонулганы ачык көрүндү деп, британ бийлиги белгилегендей, адамдын нервин шал кыла турган «Новичок» заты "Кансыз согуш" маалында Орусияда алынганын эске салды.
Сергей Скрипалдын ууландырылышы боюнча Кремл Лондонго түшүндүрмө берүүдөн баш тарткандан кийин 27-мартта жыйырмадан ашуун мамлекет орусиялык 144 дипломатты өз аймактарынан чыгарууну чечти. Алардын арасында Кошмо Штаттар жана Евробиримдикке кирген 15 өлкө да бар.
Орусия мындай иштер АКШнын «катуу басымынан улам болуп жатат» деп билдирип, бул «достукка жатпаган кадам жоопсуз калбайт» деп эскертти.
Дүйшөмбүдө АКШнын президенти Доналд Трамп 60 орус дипломатын чыгарып, Орусиянын Сиэтлдеги консулдугун жабууга буйрук берген.