Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 01:05

Канадалык компания "Фейсбукту" колдонгондордун жашыруун базасын түзгөн


"Cambridge Analytica" компаниясынын мурдагы кызматкери Кристофер Уайли британ парламентинде. 27-март, 2018-жыл.

Канадада жайгашкан "AggregatedIQ" аттуу фирма АКШда 2016-жылы өткөн шайлоонун алдында республикачыларды колдогон шайлоочуларды аныктай алчу программа түзгөн. Бул тууралуу "Cambridge Analytica" компаниясынын мурдагы кызматкери 27-мартта британ парламентиндеги атайын талкууда билдирди.

Кристофер Уайлинин айтымында, "Ripon" деген программанын жардамы менен "Фейсбук" социалдык тармагында атайын сынак уюштурулган жана ага 270 миңдей колдонуучу катышкан. Ушундай жол менен 50 миллиондой адамдын жеке маалыматы алардын уруксатын албастан чогултулуп алынган.

"Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг кардарлардын жеке маалыматтарын коргоодо компаниясы кетирген каталар үчүн кечирим сурады. Социалдык тармактын миллиондогон колдонуучусунун жеке маалыматтары саясий максатта пайдаланылганы тууралуу кабар өткөн аптада ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG