Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:35

Абдрахманов: Чокморовдун айкели азырынча алынбайт


Чокморовдун Бишкектеги эстелиги. 9-ноябрь, 2017.
Чокморовдун Бишкектеги эстелиги. 9-ноябрь, 2017.

Таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги азырынча алынбайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун директору Сагынбек Абдрахманов кабарлады. Анын айтымында, айкелге байланыштуу коомчулукта ар кандай нааразы пикирлерден улам аны алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

- Мага Чокморовду тааныгандар, туугандары, достору, талантын урматтаган адамдар келип айкел окшошпой калганын айтып жатышат. "Башка эле кишини коюп коюпсуңар" дегендер болуп жатат. Бул мага катуу тийип жатат. Алуу боюнча биз Бишкек мэри менен да сүйлөшүп, кеңешишибиз керек. Ал жер бөлүп берди, каражат жагынан жардам берген. Ошондуктан сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок автордук укук деген бар экен. Аны юристтер карап жатышат.

Абдрахмановдун сөзүнө караганда, айкелди жасоодо скульптор Алмаз Кожогулов менен 3 млн. сомго келишим түзүлгөн. Бирок ал акча толугу менен төлөнүп бериле элек.

Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине орнотулуп, анын ачылыш аземи өкмөт башчы Сапар Исаков, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов баштаган жетекчилердин катышуусунда былтыр 9-ноябрда болгон.

Айкел Чокморовдун өзүнө окшошпой калганы социалдык тармактарда кызуу талкууланган.

Сүймөнкул Чокморов 1992-жылы 53 жашында каза тапкан. Ал советтик кино өнөрүн көптөгөн чет мамлекеттерде тааныткан. 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан. Чокморовдун кээ бир эмгектери Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG