Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

УКМК: Исаевдин иши тергелип бүттү


Канатбек Исаев сотто.
Канатбек Исаев сотто.

"Кыргызстан" партиясынын парламенттеги депутаты Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, соттук өндүрүшкө берилгени турат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдирди:

- Айыпталуучулар жана алардын адвокаттары иш менен таанышып жатышат. Алар таанышып бүткөндөн кийин иш сотко жиберилет.

Сулаймановдун айтымында, тергөөдө Канатбек Исаев кылмыш дүйнөсүн жана бийлик органдарындагы тааныштарын колдонуу менен бийликти күч менен басып алууну көздөгөнү аныкталды. Тергөө маалыматтарына ылайык, алар президенттик шайлоо күнү добуш берүү аяктаган соң жапырт башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн.

"Кыргызстан" партиясынын парламенттеги депутаты Канат Исаев 30-сентябрь күнү УКМК тарабынан кармалган. Буга депутат "бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деген негизде Интернетте тараган видео себеп болгон. Башкы прокуратура Канатбек Исаевге Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси ("Кылмышка даярдануу"), 233-беренеси ("Калайман башаламандык") жана 295-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу") боюнча иш козгогон.

2-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Исаевдин бөгөт чарасын аныктап, 30-ноябрга чейин камакта калтырган. Кийинчерээк анын камак мөөнөтү дагы узартылган.

Исаевдин жакындары аны камакка алууда саясий негиз бар экенин айтып келишет. Депутатты коргоо комитети да түзүлгөн.

Канатбек Исаевге алгачкы кылмыш иши былтыр май айында козголгон. Ага "Токмок шаарынын мэри болуп турганда жемкорлукка барган" деген айып тагылып, Биринчи май райондук соту 12 жылга кескен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG