Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 03:56

Өзбекстанда журналисттер жана башка өкмөттү сындагандар дагы деле болсо бийликтин басымына кабылып, саясий кугунтуктоолорго дуушар болуп, өзүн-өзү цензуралоо уланып жатканы “Хьюман райтс вотч” уюмунун жаңы баяндамасында айтылат.

Нью-Йоркто жайгашкан укук коргоочу уюм “ачык талкууларга жана сынчыл көз караштагы кабарларга жол берилип жатканына карабай, мындай иштер президент Шавкат Мирзиёевдин реформасына көлөкө түшүрүп жатканын” белгилейт.

“Өзбекстан медиасындагы цензура жана эркиндик” деп аталган 37 беттен турган баяндамада Мирзиёев президенттикке келгенден бери журналисттердин жагдайы, медиа каражаттары жана сөз эркиндигинин абалы талданат.

Мирзиёев Өзбекстанга авторитардык президент Ислам Каримов түзгөн темирдей бекем башкаруудан кийин келген. Бийлик алмашкандан бери Мирзиёев саясий туткундарга азат берип, авторитардык режимди жумшартууда.

Эл аралык уюм позитивдүү өзгөрүүлөргө карабастан, цензуранын айынан журналисттер, жазуучулар жана башка жарандар сынчыл көз карашын билдире албай, “тандалма куугунтукка” кабылып жатышканы баса белгиленет.

XS
SM
MD
LG