Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:37

Ашхабадда жүргүнчүлөрдүн телефону текшерилип жатат


Ашхабад эл аралык аэропортундагы паспорт көзөмөлү.

Ашхабад аэропортунда өлкөгө сырттан келген жүргүнчүлөрдүн чөнтөк телефондору текшерилип, өздөрү андагы маалыматтар боюнча сурак берип жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына өз булактары билдиришти.

«Биз Стамбулдан учуп келерибиз менен токтотушуп, чөнтөк телефондорубузду тартып алышты. Андан соң сурак үчүн атайын бөлмөгө алып барып, телефондогу маалыматтарды үч-төрт саат текшеришти. Андагы номурлары жазылган адамдар жөнүндө сурап, кандай мамиледе экенибизге кызыгышты. "Кандай чет өлкөлүк сайттарды окуйсуңар?" деп сурап, чындыкты айтуубузду талап кылышты», - деди басылманын булагы.​

Булактардын дагы бири учурда түркмөн бийлиги чет жактан келген жарандардан тышкары, алардын өлкө ичинде жашаган туугандарынын да телефондорун текшерип, суракка алып жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG