Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Кадамжайда кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды


Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Ага ылайык ИИМдин атайын тизмесинде турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү: “Асан” деген каймана аттуу 25 жаштагы Ж.Ү жана Баткен шаарынын тургуну 23 жаштагы Ш.Э. Кызыл-Кыя шаарынын аймагынан кармалды.

“Асандын” Ноокат районунун Салиева айылындагы жашаган үйүнөн аз өлчөмдө маңзат, аны колдонуу үчүн түтүкчөлөр жана атайын кесилип жасалган, ок атууга жарактуу ТОЗ-16 мылтыгы беш даана огу менен табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмүнүн (Башкага берүү максатын көздөбөстөн маңзатты же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, эгерде алардын предмети ири өлчөмдөрдөгү баңги каражаттары болсо) жана 241-беренесинин 1-бөлүмүнүн (мыйзамсыз ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоо) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жарандар Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.(MdN)

XS
SM
MD
LG