Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Оштун тургуну кытай жарандары сабаганын айтып чыкты


Кыргыз жаранын сабаганы кеп болгон Кытай жараны жана ал колдонгон буюм. Сүрөттү жабырлануучу тартып алган.
Кыргыз жаранын сабаганы кеп болгон Кытай жараны жана ал колдонгон буюм. Сүрөттү жабырлануучу тартып алган.

Ош шаарынын тургуну Гүлзат Шамурзаева өзү иштеген заводдун ээлери, Кытай Эл Республикасынын жарандары аны сабап салганы тууралуу даттанып милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Шамурзаеванын адвокаты Айсалкын Карабаева “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Гүлзат Шамурзаева кытай инвесторлору ачып, иштетип жаткан Оштогу тапичке чыгарган заводдо иштейт. Аны кытай жарандары “жакшы иштебей жатасың, товарды тез-тез жасабай жатасың” деп темирби же каучукбу, тапичке чыгарган калып, трафарет менен башына чааптыр. Бир жолу эмес, бир нече жолу сабаптыр. Бир эле аны эмес, ошо заводдо иштеген башка балдар-кыздарды да урушуптур. Аларды эртең менен 7:30да киргизет экен да, кечки 19:30га чейин иштетет экен. Анан ошол боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазсак, милиция кызматкерлери “кытайларга биздин чоңдор “крышалык кылат”, биз аларды жазага тарта албайбыз” дешти. Ошого мен “Азаттыкка” кайрылууга аргасыз болуп жатам.

Карабаева билдиргендей, Кытай инвесторлору иштеткен завод Ош шаарынын “Манас-Ата” кичирайонунда (ХБК) жайгашкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Райхан Абдразакова Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө 25-мартта арыз түшкөнүн ырастап, бул факты териштирилип жатканын билдирди. Анын айтымында, экспертизанын жыйынтыгына жараша иш козголушу мүмкүн. Абдразакова ошондой эле "кытай ишкерлерин милициянын жетекчилиги калкалайт” деген маалыматты да төгүндөдү.

Жайкы, жеңил бут кийимдерди чыгарган “Бай Хуа Ли” кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы 2006-жылы ачылган. Анын ачылышына ошол кезде Ош облусунун губернатору болуп турган Жантөрө Сатыбалдиев жана Кыргызстандын түштүк аймагындагы кытай ишкерлеринин ассоциациясынын жетекчилиги катышкан.

“Бай Хуа Ли” фирмасынан бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Компания ачылган учурда анын жетекчиси Линь Цианг Яо аттуу Кытайдын жараны экени айтылган. Азыр ким экени белгисиз. (ErN)

XS
SM
MD
LG