Жалал-Абад облусунда Майлуу-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп жаңы салынган ички чарбалык жолго корунуч жаратууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Суунун көбөйүшүнө 26-марттан тарта үч күн жааган нөшөр себеп болду.
Сары-Бээ аймактык башкармалыгына суу көбөйүп, элди таза суу менен камсыздаган түтүккө да зыян тийгизүү коркунучунда турат.
Нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында суу ташкыны жаралышы ыктымалдыгын эскертилүүдө.
Министрлик мунун алдын алуу үчүн суу каналдарын, арыктарды убагында тазалоого чакырды. (SE)