Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Турдукулов: Темирлан Ормуков реанимацияда


Темирлан Ормуков.
Темирлан Ормуков.

Милиция бөлүмүндө ичин устара менен тилип салган активист Темирлан Ормуков Улуттук кардиология борборунда реанимацияда жатат. Бул тууралуу аны коштоп барган жарандык активист Адил Турдукулов кабарлады. Аталган борбордон жана Саламаттык сактоо министрлигинен бул маалыматты бышыктоого азырынча мүмкүн болгон жок.

29-мартта Бишкек шаардык милициясына чакырылган көзү азиз Темирлан Ормуков өзүнө карата куугунтуктоого каршылык билдириш үчүн ичин тилип салган.

Милиция бөлүмүнө "Тез жардам" кызматы келип, аны ооруканага алып кеткен. Санаалаштары жол ката Ормуковдун абалын "Фейсбукта" түз көрсөтүштү. Ал демократияга доо кетирди деген өңүттө бийлик башындагыларды сындап барды.

- Мен үчүн дуба кылгыла. Башка эч нерсе айтпайм. Мени колдоп кыйкырып, митинг кылуунун кереги жок. Тек гана дуба кылгыла,- деди Ормуков.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Сапарбек Аманкулов ал ичин устара менен кесип салганын бышыктады.

Ормуков эртең менен аны бир айга камакка алыш үчүн убактылуу кармоочу жайга алып кетип жатышканын билдирген.

Буга чейин Октябрь райондук соту Ормуковду бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарганы кабарланган.

Ормуковго “Ушактоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгону быйыл февраль айында кабарланган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовду бир катар мыйзамсыз иштерге айыптап, милицияга арыз жазган. Текшерүү жүрүп, Ормуковдун жазгандары жалган деп табылган.

Ага чейин Башкы прокуратура Ормуковдун президентти сындап Интернетке жазган ырында “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери аныкталганын жарыялаган.

Майып активист ага карата басым болуп жатканын, өзүнүн жана кошуналарынын үйүн Каржы полициясы камакка алып койгонун айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG