Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Атамбаевге резиденцияга 89 млн. сомго жаңы үй курулган


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы Мамлекеттик резиденцияда мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге жаңы үй салынганын бышыктады.

Башкармалыктын басма сөз катчысы Айша Чуштукова "Азаттыкка" билдиргендей, "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери" жөнүндө мыйзам ылайык, мурдагы мамлекет башчы да "Ала-Арча" резиденциясынан өмүр бою турак-жай менен камсыздалат:

- Мамлекеттик резиденциянын аймагында бош мамлекеттик дача жок болгондуктан, жогорудагы мыйзамдагы эрежелерге ылайык, жаңы имарат куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. №17 мамлекеттик дачаны курууга республикалык бюджеттен каражат коротулган жок. Курулуштун ички-тышкы инженердик-коммуникациялык жабдууларына, эки гаражы менен жалпысынан 89,3 миллион сом сарпталган. Курулуш, монтаж иштерине 77,8 миллион сомду Алмазбек Атамбаев демөөрчү катары берди. Азыр ал жерде экс-президент үй-бүлөсү менен жашайт.

Курулушка сарпталган акчанын калганы кайсы булактан коротулганы айтыла элек.

Иш башкармалык Алмазбек Атамбаев үчүн курулган дача мамлекеттин менчиги болуп эсептелээрин жана менчиктештирүүгө мүмкүн эместигин билдирди. Имараттын жалпы аянты 301,8 чарчы метр.

Маалыматта бул дача президент Сооронбай Жээнбеков жашап жаткан «Ордо» конок үйүнөн кичирээк экени айтылат.

Буга чейин Интернет булактарында Алмазбек Атамбаев үчүн резиденцияга үй салынганы, ал 2017-жылы курулганы тууралуу маалымат чыккан. Бирок ал расмий бышыктала элек болчу.

XS
SM
MD
LG