Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:13

Египеттеги шайлоодо азыркы президент алдыда баратат


Абдел Фаттах ал-Сиси.

Баштапкы маалыматтарга караганда Египетте президенттик шайлоодо азыркы жетекчи Абдел Фаттах ал-Cиси алдыда баратат. Жергиликтүү гезиттердин бири ал-Сиси добуштардын 92% алганын жазды.

Президентке атаандаш болуп анча белгилүү эмес саясатчы, жарышка катышуунун алдында Сисини колдоп жүргөн Муса Мустафа Муса чыккан.

Өкмөттү сындагандар атаандаштыктын жоктугун айтып, өнөктүккө бойкот жарыялашкан жана шайлоону фарс деп аташууда. Анткени талапкер болчулар камакка алынган, ат салыштан четтетилген же өздөрү баш тартып коюшкан.

Добуш берүү 26-28-март күндөрү коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өттү. Расмий жыйынтыгы 2-апрелде чыкмакчы.

Армиянын мурдагы кол башчысы Сиси 2013-жылы аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келген. Анын колдоочулары өлкөдө туруктуулук жана коопсуздук орногонун айтышса, каршылаштары сөз эркиндиги, башкача ой жүгүрткөндөр басмырланып жатканын белгилешет.

XS
SM
MD
LG