Грузия ондогон өлкөгө кошулуп, орусиялык дипломатты чыгарууну чечти. 29-мартта Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Грузия “Падышалыктын аймагында химиялык куралды колдонууну... айыптайт” деп айтылат.
Орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал менен анын кызын ууландыруу “бүтүндөй коомчулукка коркунуч жаратаарына” басым жасоо менен министрлик "Швейцариянын Тбилисидеги элчилигинде Орусия Федерациясынын кызыкчылыктары менен алектенген кызматкер 7 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетиши керек" деп билдирди.
Ушуну менен Британиядан, АКШдан, НАТО менен Евробиримдиктин бир нече өлкөсүнөн, Украинадан бардыгы болуп 150дөн көп орусиялык дипломат чыгарылганы жатат.
Түндүк Атлантикалык альянска кирүүгө умтулуп жаткан Грузия менен Орусиянын дипломатиялык мамилелери 2008-жылкы 5 күндүк согуштан кийин үзүлгөн. 2009-жылы Швейцариянын элчилиги Орусия Федерациясынын кызыкчылыгынын бөлүмүн ачкан. Грузиянын сектору болсо ал өлкөнүн Москвадагы элчилигинде негизделген.