Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Юлия Скрипалдын абалы оңолуп жатканы кабарланды


Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия.
Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия.

Орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипалдын кызынын саламаттыгы “тездик менен оңолууда” жана абалы мурдагыдай оор эмес. Бул тууралуу Би-Би-Си жана "Франс-Пресс" агенттиги жазып чыгышты.

Солсбери шаарындагы оорукананын дарыгери Кристин Бланшард: “Юлияны дарылоо жыйынтыгын бере баштады. Бирок биз күнү-түнү ага медициналык жардам көргөзүүнү улантып жатабыз” деди.

"Reuters" агенттиги болсо Скрипалдын өзүнүн абалы дагы эле “туруктуу оор” экенин маалымдады.

4-мартта Борбордук чалгындоо башкармалыгынын мурдагы полковниги кызы экөө Британиянын Солсбери шаарчасында эс-учун жоготкон абалда табылган. Алар ооруканага жеткирилип, экөө тең комага түшкөн. Лондон Скрипалдарды ууландыруунун артында Москва турат деп эсептейт жана орусиялык 23 дипломатты өлкөдөн чыгарып жиберди. Кремл бардык дооматтарды четке кагып келатат жана ошондой эле жооп кайтарды. Британияга тилектештик иретинде Батыштын бир катар мамлекети жалпысынан орусиялык 150дөн ашуун дипломатты чыгарып жиберди. Орусия бул кадам «достукка жатпайт» деп, ушундай эле жооп кайтараарын билдирди.

XS
SM
MD
LG