Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөш тууралуу маалымат берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы көзөмөл органынын өкүлдөрү Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык ИИМ, прокуратура жана сот органдарындагы коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөш тууралуу журналисттерге маалымат берет.

Кызматтык, экономикалык кылмыштарга, мамлекеттик мүлктү уурдоого байланышкан коррупциялык аракеттерге байланыштуу токтотулган, кыскартылган кылмыш иштери жөнүндө да айтылат.

Маалымат жыйынына башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев, Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн башчысы Марс Абышкаев, экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөш бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын форматын өзгөртүш керек экенин билдирген жана күч органдарындагы коррупцияга байланышкан иштерди сындаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG