Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулду


Ак-Буурадагы сахна-көпүрө
Ак-Буурадагы сахна-көпүрө

Жайкы сахнанын ачылыш аземине өкмөт башчы Сапар Исаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баштаган жетекчилер катышты. Салтанат учурунда улуттук кийимдердин коллекциясы көрсөтүлүп, шаардыктар үчүн концерттик программа тартууланды. Иш-чара 29-мартта болду.

Шаар мэриясынын маалыматы боюнча, Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган подиум-көпүрө маданий эс алуучу иш-чаралар өткөрүлүүчү жай болот. Анда улуттук маданий көргөзмөлөр, концерттер, майрамдык салтанаттар белгиленмекчи.

Курулуштун тендердик баасы 16,4 миллион сомду түзгөн. Сахнанын узундугу 60, туурасы 40 метр.

Акыркы үч жыл ичинде Ош шаарында үч чоң көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG