Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 12:34

31-мартка белгиленген КСДП партиясынын курултайына журналисттер киргизилбейт. Бул тууралуу партиянын төрага орун басары Фарид Ниязов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, курултай өтүүчү зал тар болгондуктан делегаттар гана батат.

- Курултайга 190 делегат чакырылган. Зал тар болгондуктан алар араң батат. Ошондуктан журналисттер киргизилбейт. Бирок Алмазбек Шаршенович курултай бүтөрү менен маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин бардык суроолоруна жооп берет, - деди Ниязов.

Ниязов кошумчалагандай, курултай Бишкектеги “Орион” мейманканасында өтөт.

Курултайдын күн тартибинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиянын төрагалыгына шайлоо маселеси жана күздө өтчү КСДПнын 25 жылдык мааракелик курултайына даярдык маселеси коюлган.(UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG