Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш иши тергелип бүтө элек


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүтө элек. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев журналисттерге маалымат жыйынында айтты. Анын айтымында, ишти учурда УКМК тергеп жатат. Эгер тергөөдө башка да жагдайлар аныкталса, өзүнчө кылмыш иши козголушу мүмкүн.

26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, борбор калаа беш күн жылуулуксуз калган. Буга байланыштуу Башкы прокуратура энергетика тармагындагы кызмат адамдарына “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Тергөө иштери качан бүтөрү белгисиз. (UEz)

XS
SM
MD
LG