Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:31

Чүйдө тургундун үйүнөн ири өлчөмдөгү ок-дары табылды


Чүйдөн табылган курал-жарак.

Чүй облусунун Панфилов райондук ички иштер башкармалыгы райондун 64 жаштагы С.Г. аттуу тургунунун үйүнөн бир жарым миңден ашуун ок жана бир нече курал-жарак тапты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ыкчам иликтөө учурунда 5,45 жана 7,62 калибрлүү мылтыктын 1637 патрону, 5 кг бытыра, 50 даанага жакын пистон, гильза жана башка ок-дарылар алынган. Ошондой эле мылтык жана анын кундактары да табылган.

Бул факт райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, баллистикалык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына карап ок-дарылардын ээсине чара көрүлүшү мүмкүн. Тергөө уланып жатат.

Ички иштер министрлиги куралды жана ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу буюмдарды мыйзамсыз түрдө алуу, сатуу, ташуу, колдонуу, сактоо жана алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган аракет экенин эскертет. Мыйзамдарга ылайык мындай жолго баргандарга эркинен ажыратууга чейин жаза чегерилет. Ошол эле кезде курал-жаракты өз ыктыяры менен тапшырган жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. (ErN)

XS
SM
MD
LG