Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Асылбек Жээнбеков: Съездге чакыруу келе элек


Асылбек Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков.

КСДП фракциясынын депутаты, президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков 31-мартка белгиленген партиянын жыйынынан кабардар экенин, бирок чакыруу албаганын “Азаттыкка” билдирди.

- Мен үч күндөн бери тажияда жүрөм. Чакыруу келген-келбегенин азыр тактайм. Бирок мен 2007-жылдан бери КСДПнын Ош шаары жана облусу боюнча координаторумун. Бирок саясий кеңештен чыккам, - деди Жээнбеков.

КСДП партиясынын төрага орун басары Фарид Ниязов партиянын жыйыны эртең, 31-мартта өтөрүн, ага 190 делегат чакырылганын билдирген. Айрым маалымат каражаттары Асылбек Жээнбеков ал делегаттардын ичинде жок экенин жазган. Бул боюнча партия жетекчилиги түшүндүрмө бере элек. (UEz)

XS
SM
MD
LG