Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Аба ырайы: 31-мартта 27 градус жылуу болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Күн жылыганына байланыштуу ушул күндөрү Кыргызстандын тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. ​ 1-апрелден 3-апрелге чейин жаан-чачын болуп, тоолуу аймактарга кар түшөт.

31-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Тоолуу жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10, түнкүсүн Чүй өрөөнүндө 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 10...13, күндүз 22...27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 12...17,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 12...17,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз 1...6°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 25…27 градуска чейин жогорулайт.

XS
SM
MD
LG