Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Күзөтчүлөр КСДП курултайы өтчү жайга журналисттерди жолотпой жатат


КСДП партиясынын курултайы өтө турган Бишкектеги “Орион” мейманканасына журналисттер жакын жолотулбай жатат.

Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Токтосун Шамбетов жеринен билдирди. Анын айтымында, КСДП партиясынын айрым өкүлдөрү, коопсуздук кызматкерлери кабарчылардын имаратка жакын барышына, тасмага тартышына жолтоо болуп жатышат. Кабарчыбыз имарат күзөт кызматкерлери тарабынан күчөтүлгөн кайтарууга алынганын кошумчалады.

Бул боюнча КСДП партиясынын жетекчилиги түшүндүрмө бере элек.

КСДП партиясынын төрага орун басары Фарид Ниязов кечээ “Азаттыкка” курултайга журналисттер киргизилбесин, бирок жыйындан соң Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны өтөрүн айткан.

Бүгүн 31-мартта Бишкектеги “Орион” мейманканасында КСДП партиясынын курултайы өтөт. Ага 190 делегат чакырылган. Бирок белгисиз себептерден улам жыйынга партия мүчөлөрү Асылбек Жээнбеков, Искендер Матраимов жана Жанар Акаев чакырылган эмес. Курултайдын күн тартибиндеги экс-президент Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгына шайлоо маселеси турат. (UEz)

XS
SM
MD
LG