Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Матраимов: Атамбаевди жанындагылар адаштырып жатат


Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов КСДП съездине эмнеге чакырылбай калганы түшүнүксүз экенин билдирди. Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаевди жанындагылар атайын адаштырып жатышы мүмкүн.

- Мени съездге чакырышкан жок. Эмнеге экени түшүнүксүз. Менимче, Алмазбек Шаршеновичти жанындагылар атайын адаштырып жатышат. Болбосо парламенттик шайлоодо КСДПга Кара-Суудан 45 миң добуш алып бергем. Жергиликтүү шайлоолордо да КСДПга эң көп добуш топтогонбуз,- деди Матраимов.

Съездге Матраимовдон тышкары КСДП партиясынын мүчөлөрү Асылбек Жээнбеков жана Жанар Акаев чакырылган эмес. Партия жетекчилиги алар эмнеге чакырылбаганын түшүндүрө элек.

КСДП партиясынын төрага орун басары Фарид Ниязов кечээ “Азаттыкка” съездге журналисттер киргизилбесин, бирок Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны өтөрүн айткан.

31-мартта Бишкектеги “Орион” мейманканасында өтчү КСДП партиясынын съездине 190 делегат чакырылган. Съезддин күн тартибиндеги экс-президент Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгына шайлоо маселеси турат.(UEz)

XS
SM
MD
LG