Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Москвада миллиардер Зиявуддин Магомедов кармалды


Архивдик сүрөт
Архивдик сүрөт

Москвада миллиардер, “Сумма” компаниялар тобунун кожоюну Зиявуддин Магомедов кармалды.

"Коммерсантъ" гезитинин маалыматы боюнча, ишкер жана анын жанындагы бир нече адам сурак берген. Магомедовго караштуу объекттерде ФСБнын жана Орусиянын ИИМнин экономикалык башкармалыгынын кызматкерлери тинтүү жүргүзгөн.

Буга чейин укук коргоо органдары ишкер менен жөн гана баарлашканы, Магомедовдун компаниясында жана батиринде тинтүү болбогону кабарланган. “Сумма” компаниялар тобу ишкердин кармалганы тууралуу маалыматты азырынча ырастай элек.

ТАСС агенттигинин маалыматында, тергөө алдамчылык боюнча үч ишке байланыштуу жүрүп жатат. "Коммерсантъ” Калининграддагы "Арена Балтика" стадионун курган кезде 750 миллион рублдин уурдалышы боюнча иликтөө жүрүп жатканын жазды.

Зиявудин Магомедов “Форбстун” эсебинде Орусиядагы эң бай бизнесмендердин ичинен 63-орунду ээлеген.

XS
SM
MD
LG