Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Эл аралык олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах менен жолугушту. Жолугушуу Пхеньянда өткөнүн "Ассошиэйтед пресс" кабарлады.
Агенттиктин маалыматында Ким Чен Ын жана Бах Түндүк Кореянын мындан аркы олимпиадаларга катышуусу, 2020-жылдагы Токиодогу өтчү олимп оюндары тууралуу сүйлөштү.
Бах жолугушуу жемиштүү болгонун айтып, Түндүк менен Түштүк Кореянын Пхёнчхаңдагы олимпиадада чогуу чыгуусун тынчтык диалогун курууда маанилүү кадам деп белгиледи. Өз кезегинде Ким Чен Ын Эл аралык комитетти кызматташууга чакырып, Бахты “досу” катары Кореяны көрүп кетүүгө чакырды.