Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 00:23

Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясы Москвада жыйын курду


Кыргызстан менен Орусиянын туулары.

Кыргыз-орус соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссиянын 20-жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйынга Кыргызстандан вице-премьер-министр Санжар Муканбетов, Орусиядан өкмөт башчынын орун басары Аркадий Дворкович баштаган расмий адамдар катышты.

Тараптар эки өлкөнүн соода алакасын, экономикалык кызматташтыгын талкуулашты. Жыйында эки өлкөнүн ортосунда автотранспорт менен товар ташуу 2017-жылы 2016-жылга салыштырмалуу 2,5 эсе, темир жол менен товар ташуу 23 пайызга өскөнү кабарланды.

Жыйын соңунда өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны 2019-жылы Кыргызстанда өтөрү макулдашылды. (UEz)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG