Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Мэрия куштардын уясы боюнча сынагын узартты


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкек мэриясына караштуу “Зеленстрой” ишканасы куштардын уясын жасоо боюнча сынагынын мөөнөтүн узартты.

Бул тууралуу ишкананын басма сөз катчысы Мээрим Мусаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, материалдар кеч түшүп жаткандыктан сынак 15-апрелге чейин болот. Ушул кезге чейин беш-алты гана куштун уясы келген. Конкурстун талабы боюнча уялар өзгөчө чыгармачылык менен жасалышы керек.

Буга чейин активист Владимир Цай бул сынакка Бишкек мэри Албек Ибраимовдун сүрөтү түшүрүлгөн куштун уясын алып барган. Уяда Ибраимов менен кошо балтанын да элеси түшүрүлгөн. Автор муну мэрдин миңдеген бак-даракты кыйып жатканы менен байланыштырган. Бирок “Зеленстрой” анын ишин кабыл алган эмес.

Бүгүн, 1-апрель Эл аралык куштар күнү катары белгиленип келет. Бул экологиялык майрам мурдагы советтер союзуна кирген өлкөлөрдө 1926-жылдан тартып белгилене баштаган. (UEz)

XS
SM
MD
LG