Орусиянын Британиядагы элчилиги ишембиде бул өлкөнүн аймагында жүргөн жарандары үчүн эскертүү таратты.
Билдирүүдө “Орусияга каршы саясаттын фонунда орус жарандарына каршы ар кандай чагым уюштурулуп, ыксыз текшерүүлөр болушу мүмкүн” деп эскертилип, сак болууга чакырык ташталат жана элчилик британ бийлигин "русофобияны жайылтып жатат" деп айыптайт.
Буга чейин Британияда орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал менен анын кызынын ууланышына жооп чара катары Британия, АКШ баштаган жыйырмадан көп мамлекет чыгарган орус дипломаттарынын саны 150дөн ашкан.
Скрипалдын ууланганы үчүн Лондон Москваны күнөөлөгөн. Британиянын дооматын АКШ, Евробиримдик өлкөлөрү колдогон.