Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Москва: АКШдан чыгарылган дипломаттар келишти


Орусиянын Вашингтондогу элчилигинде иштеген кызматкерлер кетип жатышат. 31-март, 2018-жыл.
Орусиянын Вашингтондогу элчилигинде иштеген кызматкерлер кетип жатышат. 31-март, 2018-жыл.

АКШдан чыгарылган орус дипломаттарын салган экинчи учак Москванын "Внуково-2" аба майданына жекшембиде келип конду. Бул тууралуу орус медиа каражаттары кабарлашты. Ил-96 үлгүсүндөгү учак менен Орусиянын Нью-Йорктогу консулдук өкүлчүлүгүндө жана БУУдагы Орусиянын туруктуу өкүлчүлүгүндө иштеген дипломаттар үй-бүлөлөрү менен мекенине келишти.

Мурдараак орус дипломаттарын Вашингтондон салып чыккан учак дал ушул аэропортко келип конгон. Ил-96 учагынын бортунда Вашингтондогу Орусиянын элчилигинин 46 кызматкери үй-бүлөсү менен кайтып келген.

Англияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын ууландырылышы боюнча Кремл Лондонго түшүндүрмө берүүдөн баш тарткандан кийин бир катар өлкөлөр өз аймактарынан орусиялык дипломаттарды чыгарууну чечти.

Өткөн аптада АКШнын президенти Доналд Трамп 60 орус дипломатын чыгарып, Орусиянын Сиэтлдеги консулдук өкүлчүлүгүн жабууга буйрук берген.

XS
SM
MD
LG