Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштады 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкалаада эл ташып иштеген маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштады. Бул тууралуу айдоочулар билдиришти. Маалыматка караганда, алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруудан өтүү тууралуу токтомуна, бирдиктүү форма боюнча талапка нааразылык билдиришүүдө.

Маршруттук таксилер каттабай жаткандыктан, шаардагы аялдамаларда эл көп экенин жүргүнчүлөр да ырастап жатышат. Азыр троллейбустар менен автобустар келип, бирок ага эл батпай жатканы айтылууда. Айрым маршруттук каттамдар гана ишке чыкканы кабарланды.

Бишкек мэриясы айдоочулардын иш таштаганы тууралуу маалымат бере элек.

1-апрелде өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, кооптуу жүк ташыгандар, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек.

Өкмөт чечиминин негизинде 1-апрелден тартып жүргүнчүлөргө жана жүккө болгон камсыздандыруу полиси жок коомдук транспорттордун, кооптуу жүктөрдү ташыган автоунаалардын айдоочуларына 500 сом айыппул салынат же машинелери айып жайына токтотулат.

Жүргүнчү ташыган айдоочулар, таксисттер машинесиндеги ар бир орунду камсыздандырышы керек. Шаар ичинде жүргүнчү ташыгандар полис үчүн жылына ар бир орунга 136 сом 6 тыйын, айыл, шаар аралык, эл аралык каттамга чыккандар ар бир орунга 204 сомдон төлөөгө тийиш.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча, ушу тапта 3 миңге чукул маршруттук кичи автобус 119 каттамда иштейт. (NT)

XS
SM
MD
LG