Линктер

бейшемби, 26-апрель, 2018 Бишкек убактысы 00:05

Сосновкада күйүүчү май ташуучулардын нааразылык акциясы өтүп жатат


Бишкек-Ош жолундагы "Соснова" посту. Чүй облусу. 1-апрель, 2018-жыл.

Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" постунда күйүүчү май ташыган 80дей машиненин айдоочулары нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Мунай ташуучулар бирикмесинин төрагасы Чолпонбек Жамбоев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар жолдогу коррупцияны, акча жыйноону токтотууну, өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруу тууралуу токтомун жокко чыгарууну талап кылышууда.

1-апрелде өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, кооптуу жүк ташыгандар, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек. Күйүүчү май ташыгандар өкмөттүн токтомундагы ушул жоболорго каршы чыгып, ал оор жүк ташуучулардын жана элдин кызыкчылыктарына жооп бербей, камсыздандыруу компанияларынын кызыкчылыгын коргой турганын айтып жатышат. Ошондой эле тарифтер Казакстандын статистикалык маалыматтарынын негизинде бекитилип калганын, негизги жоболор камсыздандыруу эрежелерине каршы келерин айтышууда.

Өкмөт чечиминин негизинде 1-апрелден тарта жүргүнчүлөр жана жүккө болгон камсыздандыруу полиси жок коомдук транспорттордун, кооптуу жүктөрдү ташыган автоунаалардын айдоочуларына 500 сом айыппул салынат же машинелери айып жайына токтотулат.

Жүргүнчү ташыган айдоочулар, таксисттер машинесиндеги ар бир орунду камсыздандырышы керек. Шаар ичинде эл ташыгандар полис үчүн жылына ар бир орунга 136 сом 6 тыйын, айыл-шаарлар аралык, эл аралык каттамга чыккандар ар бир орунга 204 сомдон төлөөгө тийиш.

Ал эми оор жүк ташуучулар жүктөгөн жүгүнө жараша полис алышат. Эгерде 2,5 тоннага чейинки салмактагы оңой күйө турган суюк зат ташыса, бир жылдык полис баасы 5-10 миң сомдун тегерегинде болот. 20 тоннадан ашкан ушундай эле жүк үчүн полиске 60 миңден 120 миң сомго чейин төлөнөт.

Кокус жол кырсыгы болуп, жүргүнчү жабыркаса камсыздандыруу компаниясы анын дарылануусуна 300 миң сомго чейин компенсация төлөөгө тийиш болот. Кырсыктардан жүгүнө зыян келтирилсе да компенсация алат. ​(NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG