Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Бишкек мэриясы айдоочуларды кепке келүүгө чакырды


Аялдамада маршрутка күткөндөр.
Аялдамада маршрутка күткөндөр.

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары баш калаанын 12-кичирайонуна чогулуп, өз талаптарын коюшууда. Алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандырууга өтүү боюнча токтомуна, бирдиктүү форма тууралуу талапка нааразылык билдиришти. Ошондой эле алар жүргүнчүлөрдү аялдамадан тышкары токтоп алуу-түшүрүүгө айыппулдун көбөйүшүнө каршы экенин айтышууда:

- Биз таңкы саат 5:30дан тартып иштейбиз. Башкалар сегиз саат иштеп жатса, биз 18 саат иштейбиз. Жолдо МАИчилердин асылганы да биз. Жолдордун акыбалын баарыңыздар билесиздер. Биздин да укугубуз бар да. Биз да бала-чака багабыз деп таңдан кечке жүрөбүз. Милдеттүү камсыздандыруу, форма дегенди койсун. Формасынын баасы 750 сом, жалаң синтетика. Биз "жол акысын көтөргүлө" деген жокпуз, биздин талаптар ушулар.

Айдоочулар менен Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий жана жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Шаирбек Бопонов жолугушту. Окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыздын маалыматы боюнча, вице-мэр айдоочулардын өкүлдөрүн бүгүн саат 17:00дө кабыл алууга даярдыгын билдирип, айдоочулардан ага чейин каттамга чыгуусун өтүндү.

Азырынча сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек.

2-апрелде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, шаарда автобус-троллейбустар гана иштеп жаткандыктан, эл батпай, аялдамаларга чогулган жүргүнчүлөр көбөйдү. Айрым такси кызматтары бул учурдан пайдаланып, баштапкы баасын көтөрүп жибергенине нааразы пикирлер да айтылууда.

Бишкекте күн сайын үч миңден ашуун маршруттук такси 119 каттам боюнча жүргүнчү ташууга чыгат.

1-апрелде өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, кооптуу жүк ташыгандар, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек.

Өкмөт чечиминин негизинде 1-апрелден тартып жүргүнчүлөргө жана жүккө болгон камсыздандыруу полиси жок коомдук транспорттордун, кооптуу жүктөрдү ташыган автоунаалардын айдоочуларына 500 сом айыппул салынат же машинелери айып жайына токтотулат.

Чечимге ылайык, жүргүнчү ташыган айдоочулар, таксисттер машинесиндеги ар бир орунду камсыздандырууга тийиш. Шаар ичинде эл ташыгандар полис үчүн жылына ар бир орунга 136 сом 6 тыйын, айыл жана шаар аралык, эл аралык каттамга чыккандар ар бир орунга 204 сомдон төлөшү зарыл. (KJ/ZKo)

XS
SM
MD
LG