Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдады. Башкармалыктын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, 30-мартта Бишкектеги №38 орто мектептин 8-классынын окуучусу кокусунан классташын атып алган:
- Ыкчам-тергөө тобунун маалыматына ылайык, окуучу мектепке байкесине таандык куралды алып келген. Аны классташына көрсөтүп жаткан кезде тапанча атылып кетип, классташынын оң ийнине тийген. Бала 3-ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө тарабынан баланын колуна тапанча кантип тийип калганын аныктоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекция кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.
Окуучу балдардын мектепте курал алып жүрүшүнө байланышкан окуялар мурда катталган эмес.
№38 орто мектептин окуучулары жанаша жайгашкан Олимпиадалык резерв мектебинин окуучулары менен жаңжалдашкан учурлар катталып келет. (ZKo)