Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Башкы прокуратура: Нурлан Сулаймановдун иши сотто


Нурлан Сулайманов.
Нурлан Сулайманов.

Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жиберилгенин бүгүн маалымдады. Көзөмөл органынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Нурлан Сулаймановго "транспорт министри болуп турганда коррупциялык схема түзгөн" деген шек менен 2012-жылы кылмыш иши козголгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") боюнча айып тагылган. Тергөөнүн маалыматына ылайык Сулайманов жол курулушунда 250 млн. сомдук тендерди өз пайдасын көздөп өткөргөн.

Ошондой эле маалыматта 2014-жылы Октябрь райондук сотунун чечими менен Сулаймановго издөө жарыяланганы, 2016-жылы ишти кароо Биринчи май райондук сотуна жиберилип, 22-апрель күнү иш мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ткототулганы, ошол эле жылы июль айында Нурлан Сулаймановго жарыяланган издөө алынып салынганы тууралуу айтылган. 2016-жылы 26-сентябрда Бишкек шаардык соту Сулаймановдун ишин токтотуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоо алдында Нурлан Сулайманов Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштерине жардам берип Алайда жүргөнүн парламентте айткан. Бирок тиешелүү органдар бул боюнча түшүндүрмө берген эмес.

8-февралдагы Коопсуздук кеңеши "сот, ИИМ жана прокуратура тарабынан мурда кыскартылган жана токтотулган кылмыш иштери кайрадан иликтенүүгө тийиш" деген чечим чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG