Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Сузакта жаштардын демилгеси менен эл аралык турнир өттү


Эл аралык турнирдин катышуучулары. 2-апрель, 2018-жыл.
Эл аралык турнирдин катышуучулары. 2-апрель, 2018-жыл.

Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айылында жаштардын демилгеси менен эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу аны уюштуруучулардын бири Нурлан Жээналиев “Азаттыкка” билдирди:

- "Багыш" спорт клубунун уюшулгандыгынын беш жылдыгына жана маркум спортчу досубуз Сагындык Аккөзовдун урматына 1-ачык эл аралык мелдешти уюштурдук. Ага Тажикстандан, Өзбекстандан жана республиканын бардык аймактарынан 12-17 жаштардагы 700дөй спортчу келип катышып жатат. Уюштуруу иштери жана сыйлыктардын баары өз каражатыбыздын эсебинен болду.

Уюштуруу иштерине жумшалган жарым миллион сомдук каражатты чет жакта иштеп жүргөн айылдагы 1983-1982-жылы төрөлгөн мигранттар чогултуп берген. Эл аралык мелдешти кийинки жылы ушул жерде Борбор Азия мамлекеттеринин спортчуларынын катышуусунда өткөрүү пландалууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG